Аял жалгыз жашап, аракечтикке берилип кеткен. Бишкектеги батирден табылган сөөктүн чоо-жайы

15 сентября 2020 14:45 1369 Barometr
Поделиться в:
ok

Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдөн табылган 64 жаштагы аял кишинин өздүгү такталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин жашоочулары жагымсыз  жыт коңшу батирден тарап жаткандыгын айтып ,полиция чакырышкан. Көп кабаттуу үйдүн батиринен 64 жаштагы аялдын жансыз денеси табылып,  өздүгү  тактала электиги  тууралуу жазганбыз.

 Укук коргоо органдары каза болгон аялдын туугандарын таап, маркумдун өздүгүн такташты. Ал 1956-жылы туулган Т.Т. болуп чыкты. Ал ушул батирде жалгыз жашап, аракечтикке берилип кеткен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-zhalgyz-zhashap-arakechtikke-berilip-ketken-bishkektegi-batirden-tabylgan-sktn-choo-zhajy



Добавить комментарий