Аял да, эркек да түгөйүнөн уккусу келген сөздөр кайсылар?

17 апреля 2019 10:38 1497 Barometr
Поделиться в:
ok

Психологдор төмөнкү сөздөр сиздин жубайыңыз менен мамилени чыңдап, бактылуу болууга жол ачат деп эсептешет. Жубайыңыз сизге айтпаган менен ичинен бул сөздөрдү айтышыңызды күтүп жүрөт. Анда эмесе ал кайсы сөздөр экенин биле жүрүңүз!  

Мен сени сүйөм

Биздин сезимибизди билдире турган жөнөкөй сөз. Бирок чындыгында көп адамдар өздөрүнүн эмоциясын билдире алышпайт.Эгерде сиз ушундай адамдардын катарында болсоңуз, анда сиздин сүйүктүүңүз, чындыгында кыйналып сизден жакшы сөз күтүп жүрөт.Эгерде айта албасаңыз телефон аркылуу кабарлама жиберсеңиз да жубайыңыз кубанып калат. Аялга болбосун, эркекке болбосун бул сөз жагат.

Сонун көрүнөсүң, мыктысың, кийимиң жарашыптыр

Кимге болбосун анын сырткы келбетин мактаган сөздөр жагымдуу угулат.Сүйүктүүңүздөн анын сырткы  келбетин мактаган сөздөрдү айтып туруудан тартынбаңыз.

Сенин колуңдан келет

Адамдардын баары тигил же бул даражада коомчулукка өзүн тааныткысы келет. Сүйүктүү адамдын мындай сөзү ого бетер баалуу болуп саналат.Күйөөңүздүн же аялыңыздын жумушуна, кылган ишине дем берип турганды унутпаңыз.

Сен мыкты жубайсың

Бири бириңерди чындап мактоону унутпаңыздар. Дайыма мактай берүү дагы ашыкча болуп кетет. Бирок ылайыгы келгенде кубанычын бөлүшүп мактап туруу пайдалуу.

Ссылка: https://barometr.kg/ayal-da-erkek-da-tgjnn-ukkusu-kelgen-szdr-kajsylar



Добавить комментарий