Ая Назаренко Кыргызстанда билим берген мугалимин эстеп, "анын амандыгы мага күч-кубат берет" деди

11 декабря 2020 11:54 1857 Barometr
Поделиться в:
ok

"Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко) Кыргызстанда вокалдан сабак берген мугалимин эстеп ага арнап “пост” жазды. Бул тууралуу Назаренконун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Мага 13 жашымдан баштап музыкалык билим берип, мугалимдин гана милдетин аткарбастан жашоомо да жол көрсөткөн инсан Рафаил Сарлыков.

Ал билим берүүдө абдан каттаал жана талапты катуу койгон инсан. Бирок, жашоодо жол көрсөткөн, жан дүйнөсү назик чыгармачыл адам.

Бир гана ошол адам менин талантымды баалап, алдыга умтулуума түрткү берген инсан. Ал менин атамдай гана болуп калды. Мен үчүн агайым чыныгы кайталангыс талант. Менин коргоочум десем болот.

Менин ата-энем каза болуп калды. Бирок, 13 жашымдан бери билим берген, атамдай болуп калган агайымдын амандыгы мени сүйүндүрөт. Агайым да мени менен төбөсү көккө жет сыймыктанат.

Ал мага ар дайым кат жазып турат. Жооптуу конкурстарга чыгаарда мугалимимден кеңеш алып турам. Ал да менин концерттеримди, конкурстарга катышкан берүүлөрдү калтырбай көрүп, өзүнүн баасын берип турат.

Ийгиликке жетишсем маңдайы жарыла кубанып, жеңишке жетпей калсам көңүлүмдү жубатып турат”, - деп жазды Назаренко.

Эскерте кетсек, жакында эле Россияда өткөн "Три Аккорд" шоусуна Ая Назаренко да катышкан. Көрүүчүлөрдүн смс добушунун негизинде жеңүүчү аныкталып, "Город 312" тобунун солисткасы жеңишке жетпей калган. 


Ссылка: https://barometr.kg/aya-nazarenko-kyrgyzstanda-muzykalyk-bilim-bergen-mugalimin-estep-anyn-amandygy-maga-kch-kubat-beret-dedi



Добавить комментарий