Бишкекте автоунаанын дөңгөлөгүн уурдаган жаран кармалды
Бишкек шаардык милициясынын аймактык инспекторлору автоунаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 11-февралда Октябрь райондук милициясына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 9-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда токтоп турган Daewoo Lacceti үлгүсүндөгү машинасынын төрт дөңгөлөгүн белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтып арыз жазган.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
Комплекстүү издөө иштеринин жыйынтыгында шаардык милициянын үчүнчү бөлүгүнүн аймактык инспекторлору 1998-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармап, тергөө бөлүмүнө алып келген. Сурак учурунда ал уурдаган төрт дөңгөлөктү өз ыктыяры менен кайтарып берген. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды 0(509) 262-669, 0(312) 54-41-84 жана 102 телефондоруна чалууну суранат.
Ссылка: https://barometr.kg/avtounaanyn-dglktrn-uurdap-zhrgndr-karmaldy
Добавить комментарий ×