Австралиядагы өрттөн миллиарддан ашык жаныбар өлдү
Миллиарддан ашык жаныбар Австралияны каптаган өрттөн өлдү. Бул тууралуу Сидней университетинин маалымат кызматы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен билдирди.
Профессор Крис Дикмандын айтымында, Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы өрттөн эле 800 миллиондон ашык жаныбар кырылган. Ал эми жалпы өлкө боюнча жок болгон жаныбарлардын саны миллиарддан ашат.
Окумуштуулар изилдөөдө консервативдик баа берүү методун колдонушкан. Андыктан өрттөн өлгөн жаныбарлардын саны маалымдалгандан бир кыйла көп болушу ыктымал.
Белгилей кетсек, Австралияда чыккан өрт миллиондон ашык гектарды жок кылды. Акыркы айда эле тилсиз жоодон 17 киши каза болуп, миңдеген үйлөр күйүп кетти. Айрым аймактарда от абдан алоолонгондуктан аны өчүрүү такыр мүмкүн болбой жатат. Бийлик кырсык болгон аймактарга аскер деңиз күчтөрүнүн кемелерин жана авиацияны жөнөтүүдө. Австарлиянын түштүк-чыгыш жээгинде элди коопсуз жайга көчүрүү боюнча ири аракеттер көрүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/avstraliyadagy-rttn-milliarddan-ashyk-zhanybar-ld
Добавить комментарий ×