Австралияда алтын бөлүп чыккан козу карын табылды
Австралияда табылган козу карын алтынды таза металлга айландыра алат. Бул туурасында австралиялык окумуштуулар Майк Веролл жана анын кесиптешинин Nature Communications журналына жарыяланган макаласында айтылган. Бул боюнча Naked Science сайты кабарлады.
Fusarium oxysporum аталышындагы микроскопиялык козу карындар Австралиянын батышындагы шахталарда табылган. Анда алтын кошулмалары бардай көрүнгөн.
Суутектин кычкылы өтө активдүү молекулаларды бөлүп чыгып, алар кычкылданууга аргасыз кыларын, иондорго айланып, таза металлды пайда кылары болжолдонууда. Жаркыраган алтын бөлүкчөлрөр козу карындын үстүндө капталгандай.
Бул геологдордун дагы кызыгуусун жаратууда. Балким жакшы изилденбеген бул сыяктуу өсүмдүктөрдөгү биологиялык процесстер алтын кендерин пайда кыларын айтышууда.
Андан тышкары бул сыяктуу микробдор кен байлыктарды чалгындоодо жардам берип, ал тургай аларды иштеп чыгуучу жаңы биологиялык технологияларды түзөрүн болжолдошууда.
Ссылка: https://barometr.kg/avstraliyada-altyn-blp-chykkan-kozu-karyn-tabyldy
Добавить комментарий ×