Августтун аягында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат

19 августа 2020 13:39 965 Barometr
Поделиться в:
ok

Келе жаткан аптада кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмгек кодекси боюнча, майрам күндөр дем алышка туш келсе, эс алуу кийинки иш күндөрүнө жылдырылат. Бирок бул жолку Эгемендүүлүк күнү аптанын баштапкы иш күнүнө туура келген.

"Кыргызстандыктар келе жаткан 29, 30, 31-август күндөрү эс алат. 29, 30-август ишемби, жекшемби болсо, 31-август — Эгемендүүлүк күнү. Ал календарда майрам катары кызыл менен белгиленген",  деди министирликтен.

Ссылка: https://barometr.kg/avgusttun-ayagynda-kyrgyzstandyktar-ch-kn-katary-menen-es-alyshat



Добавить комментарий