Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO түрүнөн дүйнө чемпиону болду

30 ноября 2019 16:50 5208 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO (full contact) түрү боюнча дүйнө чемпионатын утуп алды. Бүгүн финалда ал түркмөнстандык мушкер Пыгы Салыбов менен кез келди. Үч раунддук беттештин жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Авазбек Аманбеков жеңүүчү деп табылып, дүйнө чемпиону болду.

57 килограмм салмакта күч сынашкан Авазбек Аманбеков жарым финалда Марокко өлкөсүнүн кикбоксчусу Хай Аюбду жеңип финалга чыккан. Мелдештин чейрек финалында мавританиялык атаандашы Мишел Баулук Фабристи утуп алган. Кикбоксингдин WAKO түрү боюнча 2019-жылдагы дүйнө биринчилиги Түркиянын Анталия шаарында өттү.

Эске сала кетели, Авазбек Аманбеков 2017-жылы Азия чемпионатында жана жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында да Пыгы Салыбов менен финалга чыгып, жеңип алган болчу.

Мушкер Авазбек мунун менен быйыл эле кикбоксинг боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону болууда.

Ал аталган спорттун лоу-кик түрү боюнча ушул жылдын октябрь айында Сараево (Босния жана Герцеговина) шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/avazbek-amanbekov-kikboksingdin-wako-trnn-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий