Аваз Акимов менен Назира Жетигенова элдешти
Аваз Акимов менен Назира Жетигенова чогу түшкөн сүрөтүнүн айынан урушуп жаткан видеосу интернет булактары аркылуу көпчүлүкө тарады. Видео катуу талкууга түшүп “жылдыздар” ар тараптуу сынга алынды.
Видео тасма тарагандан бир аз убакыт өтпөй Аваз Акимов менен Назира Жетигенованын элдешип алгандары маалым болду. Бул тууралуу алар өздөрүнүн жеке Instagram баракчаларына жазып чыгышты.
Аваз Акимов өз постунда: " Салам достор! Көптөгөн коменттарийлерди окудум. Назира Жетигенова эжекем менен 15 жылдан бери таанышмын, иштешем, эркелейм, тамашалашам, жинине тием. Өзүбүздүн жеке мамилебиз бар. Ким кандай ойлосо, ошондой ойлосун. Биздин мамилебиз эң сонун! Элге жаман көргөзгөндөн ырахат алгандар, биз Талас шаарында чогуу иштеп жүрөбүз. Мындай көрүнүш бизде күндө эле болот"- деп жазып, талкуу жаратып жараткан сүрөттү өчүрүп салды.
Ал эми Назира Жетигенова: “Инста достор кутман күн! Келе жаткан жаңы жылынар менен! Аваз Акимов экөөбүздүн видеобуз тараптыр. Аваз экөөбүз 15 жылдан бери чогуу иштейбиз. Характерин жакшы билем, эркелеп тамашалашып турабыз. Мен анын мамилесин туура түшүнөм. Абдан жакшы бала, сиздердин пикириңиздерди көрүп өзүм жаман болдум. Анчалык сиздер ойлогондой жаман эмес, элпек бала жаман көрбөңүздөр. Биз чогуу жүрөбүз Талас шаарында. Сураныч жаман сөз жазбаңыздар, жаман ойлобоңуздар" -деп Аваз менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.
Ал эми бул окуяны алардын арасынан ким видего тартып алгандыгы тууралуу эч кандай маалымат айтышпады.
Ссылка: https://barometr.kg/avaz-akimov-menen-nazira-zhetigenova-eldeshti
Добавить комментарий ×