"Атыңарды жазалбай жүрөсүңөр, анан кайсы мыйзамды жазасыңар? Жаш акын депутаттарга ыр чыгарды

17 января 2019 12:53 1558 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Акын Бердибек Жамгырчиев Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарына арнап ыр жазды. Ал ыр менен өзүнүн жеке интернет баракчалары аркылуу бөлүштү.

Ыр жалпысынан 4 куплеттен туруп депутаттарды катуу сынга алып жазылган.

Ыр интернетке чыгаары менен эл оозуна алынып катуу талкууну жаратты.

"Кээ бир манап депутаттарга.

Кийимиңер жылтырап тазасыңар,

Көгүчкөндөй койкоңдоп басасыңар.

Атыңарды жазалбай жүрөсүңөр,

Анан кайсы мыйзамды жазасыңар.

Кутурбачы пайдасыз ак үйүңдө,

Кудайдын да өзүнчө жазасы бар!


Эй депутат, ач көздү, сен эмнесиң,

Андан көрө акылың тереңдесин,

Билдиң беле ардактуу адам баркы,

Кийим менен эч качан ченелбесин.


Жер каратып кийимге асылгандар,

Түркөйлүккө өтө эле жакын жандар.

Көрбөй калат адамдык улуулукту,

Көр дүйнөгө жүгүнүп жашынгандар.

Бир кийимин бир өмүр кийип өткөн,

Биз окуган даанышман, акылмандар.


Керек бизге эл өкүл эсирбеген,

Акыл эси кийимге бекинбеген.

Күн бүткөндө кычырап костюм эмес,

Кабырыңа жөнөйсүң кепин менен!" -бул ыр саптарын окуган дээрлик ар бир интернет колдонуучу депутаттардын дарегине терс пикирлерди жазып калтырышууда.

Эске салсак кечээ, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов көйнөк кийип келбегендиги үчүн жыйындан чыгарылып жиберилген эле. Ыр дал ушул окуянын артынан жарыялангандыктанбы, айтор коомчулук катуу талкууга алууда.

Ссылка: https://barometr.kg/atyardy-zhazalbaj-zhrsr-anan-kajsy-myjzamdy-zhazasyar-berdibek-zhamgyrchievdin-deputattarga-arnalgan-cho-talkuunu-zharatty



Добавить комментарий