Машинанын терезесин сындырып, 23 миң сомдук лыжаны уурдаган киши кармалды

9 марта 2020 17:42 768 Barometr
Поделиться в:
ok

8-мартта 1983-жылы туулган Д.М. Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматына белгисиз ууруларга чара көрүү тууралу арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Анда белгисиз жарандар 7-мартта болжол менен саат 23:05 чамасында арыз ээсинин короосунда токтоп турган “Тойота Камри” автоунаасынын алдыңкы оң жак терезесин сындырып, баасы 23 500 сомдук “Атомик” тоо лыжасын уурдап кеткен. 

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Милициянын кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе 1993-жылы туулган  Т.Т. кармалып, ОктярбьРИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факт боюнча Октябрь районунун ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын  бирдиктүү рейсттине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин  (Уурдоо)  негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Ссылка: https://barometr.kg/atomik-too-lzhasyn-uurdap-ketken-zharan-karmaldy



Добавить комментарий