Атлантика океанынында тонналап калкыган желим таштандылар жыл сайын көбөйүүдө

20 августа 2020 13:01 1242 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуу Британияда адистер  Атлантика океанынын үстүңкү катмарында 12 миллиондон 21 миллион тоннага чейин таштанды сүзүп жүргөнүн эсептеп чыгышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматта айтылгандай, бул өткөн жылкыга салыштырмалуу он эсеге көп. Изилдөө үчүн Атлантика океанынын ар кайсы аймагынан 200 метрге чейинки тереңдиктен суу алынган. Экспертиза көрсөткөндөй, океандан желимдин үч түрдөгү үлгүсү — полиэтилен, полипропилен жана полистирол табылган.

Буга чейин адистер 1950-жылдан 2015-жылга чейин Атлантикадагы желим таштандынын өлчөмү 17 миллион тоннага жетет деп болжолдошкон. Бирок жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн желимдин үч түрүнөн эле 21 миллион тонна чогулганы белгилүү болду.

Мындан тышкары, окумуштуулар жер жүзүндөгү жалпы океандарда чогулган желим таштандынын өлчөмү 200 миллион тоннага жеткендигин болжолдошууда.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, океандагы желим таштандынын эсебинен эле эмес, синтетикалык кийимдерди жуугандан да чогулган. Анткени океандын кирдешинин дагы бир себеби боёк болушу мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/atlantika-okeanynynda-tonnalap-kalkygan-zhelim-tashtandylar-zhyl-sajyn-kbjd



Добавить комментарий