Кайрат Нуртастын тун кызын сынга алгандарга жубайы жооп берди

7 марта 2019 12:13 14029 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Кайрат Нуртастын тун кызы Сезим жаш таланттар сынагына катышып биринчи орунду ээледи. Бирок эл анын жетишкендигин колдоого алуунун ордуна жабыла секелектин дарегине сын айтууга өтүштү. Көпчүлүк бир ооздон "Атасынын акчасынын күчү менен" деген сыяктуу одоно пикир калтырышты.

Буга Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукеримова жооп берип:

"Сатып алдыңызыбы? деген суроо бергендерге күлкүм келет. Себеби мен сатып алмак түгүл, кызымдын ал жерде өнөрүн көрсөтөөрүн да билген жокмун. Мен азыртадан баштап кызыма андай нерсенин бар экенин көрсөтсөм, андан башкалардан кандай үмүт кыла алам?", -деген пикирин билдирди.

Муну менен Абдукеримова пикир калтырып талкууга алган адамдар баланын психологиясын бузулуусуна түрткү болоорун кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/atasynyn-akchasy-menen-kajrat-nurtastyn-tu-kyzyn-synga-algandarga-zhubajy-zhoop-berdi



Добавить комментарий