Атасы колун сындырган бала ооруканадан чыкты

18 мая 2019 14:22 1667 Barometr
Поделиться в:
ok

Атасы колун сындырган жети жаштагы бала ооруканадан чыкканын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда дарыгерлер баланын абалы канаттандыралык деп баалашкан. Окуучу энеси менен бирге жайгаштырылды.  

Баланын апасы арыз менен кайрылган. Милиция дайындалган экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Баланын атасы үйүндө. Ага тагылган айыптар камакка алууга негиз түзө албайт.  

Эне бала менен психологдор иштеп жатат. Баланын атасы менен байланышууга чектөө киргилзилген.

Инцидент Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренеси боюнча каталды. «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду бала катуу коркуп калганын жана жардамга муктаж экенин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/atasy-kolun-syndyrgan-bala-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий