Атасы бычактаган бала өзүнө келгени менен абалы оор
Атасы бачыктаган бала өзүнө келип, сүйлөп калды. Бирок абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бала дагы деле кайта жандандыруу бөлүмүндө, керектүү жардамды алып жатат. Ага коюлган жасалма дем алдыруу аппаратурасы алынып, өз алдынча дем алуусу калыбына келди.
Эске салсак, 6-мартта Бишкекте үй-бүлөдөгү чырдан улам эркек киши аялын жана баласын бычактап, өзү асынып калган. 2010-жылы туулган бала балдардын шаардык №3 ооруканасына алып келинген. Ал эми окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери баланын атасы менен апасынын сөөгүн табышкан.
Эркек киши Октябрь райондук сотунда иштеп кеткени белгилүү болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/atasy-bychaktagan-bala-zn-kelgeni-menen-abaly-oor
Добавить комментарий ×