Атанын балага айткан керези: "Эч качан акылсыз, жүрѳнчѳѳк аялдар менен мамиле түзбѳ"
Карыя бул жашоо менен кош айтышып жатканда баласына керез калтырууну ойлонот. Бул жашоодо эми мен сени багыттап жардам бере албайм. Бирок ѳзүмдүн жашоом аркылуу алган тажрыйбанын негизинде кээ бир кеңештерди сага калтырам уулум. Бул кеңештер жашооңдо жардам берет деп ишенем. Ал сенин канчалык маани берип, окуганыңдан жана сактаганыңдан кѳз каранды дейт.
"Балам, суранам, эч качан акылсыз, жүрѳнчѳѳк аялдар менен мамиле түзбѳ. Бул моралдык жакырлыктан башка эч нерсе алып келбейт. Мындай аялдар сенин жошооңду ар кандай катачылыктарга толтурат, бул нерсе баардык аял заты сага алып келүүчү кыйынчылык экенин унутпа. Туура тандаганды үйрѳн. Мактоолорду, шыктандыруу сѳздѳрүн ар кимге эле айта бербе, бирок баардык аял затын сыйла, алар кандай болбосун сыйла себеби сен эркексиң. Жѳн эле сѳз эмес сенде күч бар. Алсыз адамды кемсинтпеген, шылдыңдабаган күч сенде.
Жоопкерчиликтүү бол. Өзүңѳ, жасаган ишиңе, кыймыл аракетиңе жоопкерчиликтүү бол. Сен ар бир кыймылыңа Кудай алдында адамдар алдында жоопкерчиликтүү болоруңду унутпа. Жеңил ойлуулукка жол бербе. Жаңыл, үйрѳн бирок андан ары кадам ташта. Сенин ар катаң сени күчтүү болууга тарбиялайт. Өзүңдү аяба. Адамдарга жардам бер, ѳзүм үчүн жакшы болсун деп жашаба, жакшылыкты жайылт ошондо тиги дүйнѳдѳ да, бул дүйнѳдѳ да жемишин аласың. Жүрѳгүң да жан дүйнѳң да кенен болсун. Эркинди туура башкара бил, коркунуч да болгону туура. Эркек деген атка татыктуу бол. Тунук кѳз караш менен эркин ой жүгүрт. Жүрѳгүңдү башка адамдардын жалган ырым жырымдары менен баалуктарына толбосун.
Ишенип кой сен сүйгѳн аял заты куду сага окшош болот. Сендей акылман жана кайраттуу. Өзүнүн тандоосуна таандык ишеним менен чындыкты сактаган жолдо тайбайт. Мейли анын жүрѳгүндѳ тактар болсун, мейлии ал ката кетирсин бирок бул анын акылы менен тандоосу болот, бир тандоо ѳмүр бою. Мейли ал ачуу тилдүү болсо да чынчыл болсун. Чынчыл болгону сени эч качан эч убакта сатып кетпейт, алдабайт. Сен аны кѳзүнѳн тааныйсың ,себеби чынчылдык кѳздѳн жанып кѳрүнѳт. Коркпо, жүрѳгүңдү ук, ал сени алдабайт, туура тандоого багыттайт. Ишенип кой уулум ал да сага окшоп сени издеген. Силер бири-бириңерди кѳз карашыңар аркылуу тааныйсыңар, кѳп жылдан бери тааныштай жакындыкты сезесиңер", - деген керезин калтырган карыя.
Ссылка: https://barometr.kg/atanyn-balaga-ajtkan-kerezi
Добавить комментарий ×