Атамбаевге "Ак-Шумкар" белгиси качан тагылаары белгилүү болду
Поделиться в:
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев «Ак-Шумкар» белгисин Тарых музейинин ачылыш аземинде алат. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалым болгондой, жакында Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жеке жолугушуусу болуп, анда президент сыйлыкты ыйгараарын убада кылган. Ал эми тарых музейдин ачылыш аземи качан болоору азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевге ушул күнгө чейин сыйлык ыйгарыла электиги айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaevge-ak-shumkar-belgisi-kachan-yjgarylaary-belgil-boldu
Добавить комментарий ×