Атамбаевдин жан сакчысы 5 жылга эркинен ажыратылды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмү менен Дамир Мусакеев күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бүгүн, 24-майда судья И.Гилязетдинованын өкүмүнө ылайык УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 5 жыл эркинен ажыратуу каралып жана 70 миң сом айып салынды.
Мусакеев сот залынан камакка алынды.
Эске салсак, 7-февралда Дамир Мусакеевге Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен шектелип жатканы боюнча маалымат берилген. Ал 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган деп айыпталууда.
Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы. 2016-жылдын жай айларында УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-zhan-sakchysy-5-zhylga-erkinen-azhyratyldy
Добавить комментарий ×