Атамбаевдин жакындары Ниязов, Кылычев, Жамгырчиев, Смаилов сотко алынып келинди
Поделиться в:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, Элдик штабдын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келинди. Шектүүлөрдүн баарынын колуна кишен салынган. Учурда алардын баш коргоо чарасы каралып жатат.
Алар 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы учурунда УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.
Добавить комментарий ×