Атамбаевдин жактоочусунун келбегенине байланыштуу соттук отурум кийинкиге жылдырылды
Поделиться в:
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 21-январга белгиленген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот ишин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыптоо боюнча жазык иши каралууда.
“Айыпталуучу Атамбаевдин алынып келинбегендигине жана жактоочу Сергей Слесаревдин келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 2021-жылдын 9-февраль күнүнө саат 14:00гө жылдырылды”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×