Атамбаевдин уулу: Атам менен Сооронбай Шариповичтин достугуна чын дилден суктанчумун

19 июня 2019 14:19 19776 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына пикир бөлүштү.

“Мен Сооронбай Шариповичти 1995-жылдан бери тааныйм. Ошол жылы атам экөө тең Жогорку Кеңештин депутаты болуп, калың журт тараптан шайланып келишкен.

Мен анда мектепти аяктап, көп достордон башым чыкпай жүргөн убак эле. Атам менен Сооронбай Шариповичтин достугуна чын дилимден суктанаар элем. Бири бирине болгон мамиле башкача болчу. Бул тема (достук жана азыркы абал) тууралуу кененирээк өзүнчө жазам.

Азыр болсо Сооронбай Шариповичтин болгон мүнөзү тууралуу жазгым келди.

Жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, ар бир сөздү жерден алган адам катары билем. Саясатка биз аралашпасак дагы ар кандай, кыйын күндөрдү чогуу өткөрдүк. Ишенсеңер саясатчынын үй-бүлөсү болуу өтө кыйын. Ошол кыйын күндөрдө да бири бирине жөлөк-таяк болуп, саясаттын ысыгына жана суугуна бирдей туруштук берип келишти. Сооронбай Шарипович ошол мезгилде дагы өтө сабырдуу болчу, азыр деле ушундай. Акыркы жолугушуубузда Сооронбай Шарипович мага:

"Эки бир тууган, эки дос таарынышса дагы бул жагдай үй-бүлөлүк мамилеге таасирин тийгизбеш керек,"-деп айтканы эсимде”,-деп пост бөлүштү Сейтек Атамбаев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-uulu-atam-menen-sooronbaj-sharipovichtin-dostuguna-chyn-dilimden-suktanchumun



Добавить комментарий