Атамбаевдин бир катар тарапташтары ИИМге алынып келинди
Бөлүшүү:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир канча тарапташы Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына алынып келинди.
Милициянын атайын багыттагы кызматкерлери Алга Кылычев, Темирлан Султанбеков, Амантур Жамгырчиев, Эрмек Окенов, Тилек Абдиевди алып келген.
Мурдагы президенттин тарапташтары бүгүн эле Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин Тергөө кызматына алып келгенин билдирген. Милиция Мискенбаевди үйүндө жаткан жеринен алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaevdin-bir-katar-taraptashtary-iimge-alynyp-kelindi
Добавить комментарий ×