Атамбаев: "Мени эч ким коркута да, сындыра да албайт. Мен бир гана Кудайдан корком"
Жанымда жүргөн адамдар мени сатып кетти. Бирок, азыркы мени коркутканга аракет кылып жаткандарга айтаарым, мени эч ким коркута да, сындыра албайт. Мындай сөздү экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда айтты.
"Каралоо кампаниясы мага өзгөчө болду. Мен мындай каралоону, ушакты Акаевдин, Бакиевдин заманында да көргөн эмес элем. Жыл, албетте, оор болду. Өзүң айткандай, мени жок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок мен ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан. Бирок мен дагы деле кыргыз өлкөсүндөмүн. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар. Бир жагынан алсак, албетте, өтө оор жыл болду. Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп жатам. Анткени Кудай мага атайылап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды, кимдин ким экенин көрсөтүп жатат. Кыргызда "жамандыкты амандык жеңет” деген сөз бар. Кандай болсо да, турмуш өз жолу менен кетип жатат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута да, сындыра да албайт. Мен Кудайдан гана корком. Кудайга шүгүр, бул жылы көп жакшылыктар да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп жатам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип жатат. Мына быйыл дагы бир неберелүү болуп, кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага “эй, Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо” деп жатабы деген ойлор келип жатат"-деди Атамбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-meni-ech-kim-korkuta-da-syndyra-da-albajt-men-bir-gana-kudajdan-korkom
Добавить комментарий ×