Атамбаев: "Мен мамлекеттик кызматка келгичекти эле миллионер болчумун, ал кезде азыркы чиновниктер пирожкиге менден акча сурашчу"

19 ноября 2018 22:50 732 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент боло электе, мамлекеттик жумушка келгичекти миллиондогон акчаларды тапчумун. Мындай сөздү экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Апрель ТВ телеканалына интервью берип жатып айтты. 

"Мен мамлекеттик жумушка кире электе эле алгачкы миллиондорумду таап, бизнестеримди Түркияда, чет өлкөлөрдө ачып бизнесмен катары өз эмгегим менен акча таап калгам. Алгач жазуучулар уйүндө иштеп тапкан акчаларымды бизнеске жумшагам. Байлыгым кайдан келди? Ошол алгачкы акчаларыма ишканаларды ачып, ошол кезде эле миллиондогон акчалар менин банктык эсебиме түшүп турчу. Ишенбесеңер, мына кагаздары, качан, кайсы убакта канча доллар түшкөнүнөн бери нотариалдуу түрдө жазылып турат"-деди. 

Журналист Атамбаевдин Кой-Таштагы заңгыраган хан сарайы тууралуу суроо салды. Буга экс-президент эч кандай мамлекеттин акчасы кетпегенин, ак эмгеги менен салгандыгын айтты. 

"Мени башкалар менен салыштырганга болбойт. Башкалар уй-мүлктөрүн туугандарына жаздырып, канчалаган байлыктарын жашырып келишет. Мен андай эмесмин. Менин акчаларым ак эмгегим менен табылган. Мен чындыкты сүйлөгөн адаммын. Качан мен миллиарддарды алганда азыркы чиновниктер мектепте окуп жүргөн. Азыр миллионербиз деп жүргөндөр ошол кезде менден пирожкиге акча сурап жүрүшкөн. Алар азыр ак сарайларды куруп жатат, аларга болот. А мага эмне үчүн болбойт? Ак эмгегим менен тапкан акчага эмне үчүн үй салганга болбойт?"-деди. 

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-men-mamlekettik-kyzmatka-kelgichekti-ele-millioner-bolchumun-al-kezde-azyrky-chinovnikter-pirozhkige-menden-akcha-surashchu



Добавить комментарий