Видео. Атамбаев кол тийбестигинен ажыратуу боюнча жагдайга бүгүн билдирүү жасайт

26 июня 2019 12:30 1756 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан аны экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча  жагдайга бүгүн билдирүү жасаганга ниеттенүүдө.

Бүгүн Атамбаев Фарид Ниязов менен бирге анын Кой-Таштагы үйүнүн жанында түзүлгөн Элдик штабга барды.

Атамбаев чогулгандар менен сүйлөшүп, журналисттер үчүн уюштурулган маалымат борборун карап чыкты.

Ал ошондой эле бүгүн саат 14гө чейин Жогорку Кеңештин Атайын комиссиясынын экс-президентти статусунан ажыратуу боюнча чечими тууралуу Башкы прокуртуранын бүтүмү жөнүндө билдирүү жасарын айтты.   

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-kol-tijbestiginen-azhyratuu-boyuncha-zhagdajga-bgn-bildir-zhasajt



Добавить комментарий