Атамбаев: кан басымым бат-баттан төмөндөп кетип жатат

21 февраля 2020 12:09 390 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоо жайына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. Бул тууралуу омбудсмендин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Атамбаев кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Ал ден соолугу тууралуу айтып жатып, акыркы убактарда кан басымы бат-баттан төмөндөп кетип жаткандыктан дарыгерлерге кайрылууга аргасыз экенин маалымдаган.

“Жолугушуу учурунда башка дагы маселелер каралган. Ал боюнча Акыйкатчынын аппараты тийиштүү иштерди аткарат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жакында эле мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, каалаган учурда анын жүрөгү кармап калышы ыктымалдыгын айткан.

Ал эми өз кезегинде УКМК Атамбаевдин ден соолугу дарыгерлердин такай көзөмөлүндө экенин, эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.

Атамбаев 2019-жылдын август айынан бери УКМКнын тергөө абагында. Ага карата бир нече кылмыш иштери козголгон. Арасында Кой-Таштагы массалык баш аламандыкты уюштуруу сыяктуу оор кылмыштар дагы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-kan-basymym-bat-battan-tmndp-ketip-zhatat



Добавить комментарий