Атамбаев Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча: Кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурат
КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек Жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык тууралуу билдирүү жасады.
ЖЭБди реконструкциялоонун мөөнөттөрү бизге абдан маанилүү болчу. Эмнеге экенин түшүндүрө кетейин. Бишкек ЖЭБ жарым кылым мурда, 1961-жылы пайдаланууга берилген. 2008-жылдан 2012 –жылга чейин эле ЖЭБди оңдоого кеткен чыгымдар 100 миллион го жакын АКШ долларын түзгөн. 60 –жылдары орнотулган сегиз казан агрегаттардын беши иштен чыккан болчу.2010-жылга карата эле ЖЭБдеги жабдуунун эскилиги 70-75%ды түзгөнүн эске сала кетейин. Иш жүзүндө ЖЭБдин бардык маанилүү түйүндөрү менен агрегаттары өз мөөнөтүн өтөп бүткөн болчу жана авария эртеби кечпи баары бир болмок! Ири авария болсо кыйроого алып келмек. Ошондуктан мен президент катары ЖЭБди реконструкциялоо ишин создуктурбоону талап кылган элем.
Ошо 2013-жылда Президенттин Аппараты, өлкөнүн Өкмөтү жана ЖКнын депутаттары ыкчам иш-аракеттерди жүргүзбөгөндө, ЖЭБди реконструкциялоону баштоо, Кытайдын чиновниктери эскерткендей, жогеле дегенде, 2015-жылга дейре толук бир жылга кечикмек. Демек, ЖЭБдин негизги бөлүгү 2017-жылдын күзүндө эмес, быйылкы 2018-жылдын күзүнө араң бүтмөк.
ЖЭБдеги кейиштүү авария ушул жылдын январында болду! Ошондуктан реконструкцияны биз негизинен өткөн жылдын күзүнө чейин аягына чыгарбаганда, анда чоң кыйроо болмок! Болгондо да чыныгы техногендик катастрофа болмок!
ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды, анткени ансыз Бишкек узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору жок шаар бойдон калмак. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар болсо бүгүн камакта отурушат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоону кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзгөн. Ага 386 миллион доллар насыя алынган. Быйыл кышында борбордо авария болуп, шаар тургундары бир жума жылуулуксуз калган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат.
Добавить комментарий ×