Атамбаев: Икрам жөнүндө айтылып жаткан маалыматтарга ишенбейм
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель ТВ" каналынын журналисттери менен маектешип жатып, учурунда жогорку кызматка койгон жансакчылары Улан Исраилов, Болот Сүйүнбаев жана мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов жөнүндө айтылып жаткан маалыматтарга ишенбей турганын айтты:
"Илмияновду көп маалымат билгени үчүн камакка алышты
Мындан сырткары музей, гранттар, чуулуу Белизгейт тууралуу дагы айтып кетти. Буга чейин, Турдакун Усубалиевге, Раззаковдорго дагы ар кандай саясий жалаалар айтылып келген. Мага да айтылып жатат. Бирок бул өтөт. Мен эч качан эч кимге буйрук берген эмесмин"- деп жооп берди.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин учурунда жан сакчыларынан Болот Сүйүмбаев УКМКнын Коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп иштеген. Ал эми Улан Исраилов ички иштер министри болгон.
Добавить комментарий ×