Атамбаев 26-августка чейин камакта кала берет

16 августа 2019 12:28 2472 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин шаардык соту Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу боюнча чыгарылган мурдагы чечимди күчүндө калтырды.

Бул тууралуу УКМКда өткөн жабык жыйындан чыккан Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары тергөө материалдарынын негизинде камакка алынган. Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/atambaev-26-avgustka-chejin-kamakta-kala-beret



Добавить комментарий