Маскачан, чек арада чуркап баратышабы? Коронавируска каршы машыгуу

30 января 2020 20:14 1004 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиевдин  протоколдук тапшырмасынын негизинде,  2020-жылдын 30-январында “Атайын машыгуу өткөрүү жөнүндө” буйругу чыгарылып, жер-жерлерде чека ара постторунда коңшу мамлекеттен келген адамдарды коронавирус инфекциясына текшерүү, бейтапканалга жеткирүүнү жана башка иш-аракеттерди уюштуруу боюнча атайын машыгуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.      

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун имаратында (Бишкек шаары, Осмонкула №128) КР ӨКМдин жетекчилиги алдында Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен атайын машыгууларды жалпы координациялоо уюштурулуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/atajyn-mashyguu-tuuraluu-maalymat



Добавить комментарий