Атайын комиссия жабык жайлар менен онлайн байланышта иш алып барууда

23 июня 2020 17:16 636 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Атайын комиссиясынын кезектеги жыйыны болду. Аталган жыйын ЖАМКнын Талдоо жана мониторинг борборунда өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жыл өлкөдө “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Талдоо жана мониторинг борбору түзүлүп, жабык жайларга видеокамералар коюлган. Учурда бардык мекемелерде видеокамералар ушул борбордук бөлүм менен онлайн режимде байланышта иштеп жатат. Ага байланыштуу, Атайын комиссиясынын иши да жөнөкөйлөштүрүлүп, өлкөнүн региондоруна иш сапарларга баруу кыскарган. Атайын комиссия өз ишин онлайн режимде алып барат.

Атайын комиссиянын төрагасы, ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары, ички кызматтын полковниги Асхат Эгембердиев бул иш убакытты эле эмес, каражатты да үнөмдөй турганын айтат. Ал комиссия өз ишин КРнын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы №399 токтомунун негизинде жана КРнын Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык алып барып жатканын билдирди жана ар бир чечим башкаларга да үлгү болушу керектигин белгиледи.

Бул күнү комиссия онлайн режимде ар бир соттолуучу тууралуу толук маалымат алып, соттолгондорду мекемелер арасында бөлүштүрүүнү карады жана түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө чечим соттолгондун жүрүм-турумун, анын жаза өтөө мезгилинде эмгекке, окууга болгон мамилесин жана реабилитациялоо программаларына катышуусун эске алуу менен кабыл алынды.

Бул күнү № 1 СИЗОдон соттолгон 32 адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемесинин түрү жана жери аныкталып, соттолгондорго карата түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү боюнча 53 сунуш каралды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/atajyn-komissiya-zhabyk-zhajlar-menen-onlajnbajlanyshta-ish-alyp-bardy



Добавить комментарий