Атайын комиссия: Атамбаев бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн

17 июня 2019 16:06 1736 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын жыйыны өтүп жатат.  

Жыйында Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну демилгелеген  40тан ашык депутаттын кайрылуусун окуп беришти.

Депутаттардын кайрылуусунда Атамбаев премьер-министр жана президент болуп турган маалда бир катар кылмыштарды жасаган, негизинен:

-Россиянын 123 жаранына сыйлык катары курал берген, алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы бар;

- Кой-Таш айылындагы жер участогун мыйзамсыз бөлдүрүп алган;

-Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон;

-Коттеж шаарды салыш үчүн Байтик айыл өкмөтүндө 35 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган;

- ТНК «Дастандын» кызмат адамдары менен Кой-Таш айылындагы участокту мыйзамсыз ээлеп алган;

-Ысык-Көл областындагы Чоң-Сары-Ой айылындагы участокту мыйзамсыз бөлүп алып бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн «Фрунзе-Резорт» ЖЧКсына каттаткан.

“Атамбаев бийликти колуна топтоп, узурпациялаган, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, анын аракеттерине кийлигишкен сотторду, депутаттарды жана журналисттерди куугунтуктаган”,-деп айтылат демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусунда.




Ссылка: https://barometr.kg/atajyn-komissiya-atambaev-bijlikti-uzurpaciyalap-uyushkan-kylmyshtuu-top-tzgn



Добавить комментарий