"Атаандашын караандатпай койду". Айсулуу Тынбекова кореялык балбан кызды жеңип алды
Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун турниринде Айсулуу Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квонду ишенимдүү жеңип алды.
Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квонго такыр мүмкүнчүлүк бербей 10:00 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова биринчи турда индиялык балбан кыз Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок, атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн Айсулуу Тынбековага дароо жеңиш ыйгарылган.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын экинчи турдагы атаандашы казакстандык Ирина Кузнецова болду. Күрөштүн жүрүшүндө, Тыныбекова ишенимдүү түрдө атаандашын 11:1 эсебинде жеңип алган.
Эми, жарым финалдык кармашка Тыныбекова Өзбекстандык спортчу Рушана Абдирасулова менен кез келет.
Добавить комментарий ×