Коронавирустан каза болгондорго «Ата-Бейитте» куран окулуп, эскерилди (Видео)
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирустун курмандыгы болгондордун элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бүгүн, 30-июлда, Улуттук аза күтүү күнүндө «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирустун курмандыгы болгондордун элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өтүп, маркумдарга багышталып куран окулду.
Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана муфтий Максат Токтомушев катышты.
Эске салсак, Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргызстанда 30-июлда Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» жарлыкка кол койгон.
Коронавирус Кыргызстанда жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.
Аза күтүү күнүндө Кыргызстанда бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.
Кыргызстандын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.
Ссылка: https://barometr.kg/ata-bejitte-aza-kt-ish-charasy-bolup-ttsrt
Добавить комментарий ×