Астанада өрттөнүп кеткен 5 кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

6 февраля 2019 09:16 8139 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Астанада күйүп кеткен кыздар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Nur.kz маалымат кызматы Казакстандын Ички иштер министри Калмуханбет Касымовдун берген шилтемеси менен жазып чыгышты. 

5 баласынан бир түндө ажыраган ата-эненин мындан кийинки тагдыры тууралуу министр үн катты: 

"Кылмыш иши балдарды кароосуз калтырып кеткен ата-энесин соттоо же аларды суракка алуу максатында эмес, тиешелүү экспертизаларды жүргүзүп, кырсыктын келип чыгуу себептерин так иликтөөгө багытталган"-деди ал. 

Ошондой эле министр бул каргашалуу окуя боюнча  балдардын ата-энесин ата-энелик милдеттен ажыратуу же аларга карата кылмыш тууралуу сөз козголбошу керектигин кошумчалаган. 

Эске салсак, 4-февралга караган түн ичинде Астана шаарындагы Сарыарка районунда эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, тынч уйкуда уктап жаткан Альбина, Алина, Элина, Сабина жана Бахыт аттуу 5 кыздын өмүрү кыйылган. Тилсиз жоо түнкү саат эки жарым чамаларында чыгып, бир тууган кыздарды куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Алардын улуусу 12 жашта болсо, эң кичүүсү 3 айлык болгон. Ата-энеси түнкү кызматка кетип, балдарды кароосуз калтырып койгон. Казакстандык маалымат агенттиктектринин билдиргенине караганда, атасы унаа оңдоочу жайда иштеп келсе, апасы болгону эки күн мурун пластикалык карта чыгарган заводго жумушка орношуп, ошол түнү экөө тең жумушта болуп калышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/astanada-rttnp-ketken-5-kyzdyn-okuyasy-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий