Астана шаарында эки кабат имарат жарылды

16 марта 2019 11:35 1410 Barometr
Поделиться в:
ok

 Астана шаарындагы Алаша шоссесинин боюнда жайгашкан "МолПродуктсервис" ишканасынын эки кабат имараты жарылды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын казак ЖМКлары маалымдашууда.

 “15-мартта саат 17:06да "МолПродуктсервис" ишканасынын эки кабат имаратындагы газ баллон жарылганы тууралуу маалымат түшкөн”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге саат 17:14тө барышкан. Жарылуудан улам биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы 300 чарчы метр аянттагы шып урап түшкөн.

Үч адам жабыркап ооруканага жетирилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/astana-shaarynda-eki-kabat-imarat-zharyldy



Добавить комментарий