Астана эми Астана эмес ал Нурсултан шаары болуп аталды

20 марта 2019 17:41 2152 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Казакстандын борбору Астана шаарын Нурсултан деп атоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев алгач бул боюнча сунуш киргизген. Кийин Казакстан Республикасынын Парламент мажлисинин жана сенатынын жыйынында сунуш жактырылган. Борбор шаардын аталышын өзгөртүү менен бийлик өлкөнүн алгачкы президенти Нурсултан Назарбаевге болгон сый-урматын, ыраазычылыгын билдирүүнү максат кылышкан.

Эске салсак, Астана 1997-жылдын 10-июнунан бери Казакстан Республикасынын борбор шаары катары катталган.

Президент Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында түз эфирде отставкага кетээрин билдирген. Анын ордуна Касым-Жоомарт Токаев президент болуп 20-мартта дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/astana-emi-astana-emes-al-nursultan-shaary-bolup-ataldy



Добавить комментарий