Ассоль Молдакматова өзүнүн өмүрүнө кол салгандарга: "Жактоочу иш алып барып жатат, тынчып калгыла!"
Кыргызстанда аттын кашкасындай таанымал журналист, коомдук ишмер, модель Ассоль Молдакматова анын өмүрүнө кол салгандар көбөйгөндүгү тууралуу бүгүн, 5-декабрь күнү өзүнүн интернет баракчаларына жазып чыкты.
Молдакмотованын айтымында анын унаасынын бардык 4 дөңгөлөгүн тешип кетишкен, ал эми бүгүн болсо дөңгөлөктөрдү бекитүүчү буроолорду бошотуп кетишкен. Журналисттин оюнча кимдир бирөөлөр анны жол кырсыгына кабылышын же болбосо зыян тартышын каалап жатышат. Мындай аракеттерге туш келгенин Молдакматова өзүнүн журналисттик багыттагы ишмердигинин артынан арттыган душмандарынан көрөөрүн айтууда.
"Жактоочу иш алып барып жатат, ТЫНЧЫП КАЛГЫЛА"- деп жазды ал өз постунда.
Эске салсак, Ассоль Молдакматова жергиликтүү телеканалдардын биринде "Ачык сүйлөшүү" деген ток шоу программасын эфирге алып чыгып келет. Ток шоудо коомдо "терс" кабыл алынган, актуалдуу делген. жашыруун темаларды талкууга алып чыгат.
Добавить комментарий ×