Ассоль Молдакматова: "Александр Воинов менен мамилем азыркыга чейин жакшы"

31 июля 2018 04:00 7082 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Шоу-вумен, дизайнер Ассоль Молдакматова өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу көпчүлүккө үй-бүлөлүк мамиле тууралуу, бала тарбиялоодо ар кандай ыкмаларды, сулуулук тууралуу кеңештерди психолог катары берип келет. Бүгүн ошондой постторунун бирөөсүн мурдагы күйөөсү спортчу Александр Воиновго арнады. Анда Ассоль айым мурунку күйөөсүн бардык жагынан тил табышаарын айтып, мактап жазган. Буга таң калган интернет колдонуучулар "Эмне үчүн ажырашып эки жакка кеттиңер эле?"-деген суроолорду биринин артынан бири жаадыра башташты. Буга "Биз Саша экөөбүз бири-бирибиздин таланттарыбызга, жетишкендиктерибизге абдан жогорку деңгээлде баа беребиз, ортобузда чоң сый бар. Азыркыга чейин жакшы сүйлөшөбүз. Ажырашып кетсе эле бири-бирин душман күтүп калбай, маданияттуу түрдө ортодо сыйды сактап калганыбыз чоң жетишкендик. Ар бир адамга турмуш ар кандай тагдыр берет. Эки жолго түшкөнүбүз, демек биздин тагдырыбыз"- деп жооп берди. 


Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldakmatova-aleksandr-voinov-menen-mamilem-azyrkyga-chejin-zhakshy



Добавить комментарий