Ассоль Молдокматова Абраимовго: “Урматтуу “сулуу”! Журналист кыздан кечирим суроого өзүңүздө күч табыңыз!"

7 июнь 2019 16:06 3631 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Ассоль Молдокматова Чүй областындагы өкмөттүн өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кызга кылган мамилесине өз пикирин билдирди. Бул тууралуу:

“Урматтуу Абдраимов! Журналисттер – сиз каалагандай тандап ала турган товар эмес, сиз базарда эмессиз! Ким сиздин табитиңизге туура келсе ошону тандап алганыңыз, өзүңүздүн принцибиңизге карап тандаганыңыз, элдин акчасына волга эмес джип унаасын талап кылганыңыз – туура эмес!”, -деди Ассоль Молдакматова.

Ал өз сөзүндө Абдраимовдун туура эмес сөз айтканын жана окуядан кийин берген маегинде айткан сөздөрүнө каршы экенин билдирди.

“Урматтуу “сулуу”! Журналист кыздан кечирим суроого өзүңүздө күч табыңыз! Сиз мырзасызбы же дагы да өзүңүздүн пайдаңызды көздөп кургак сөздөрдү айта бересизби”, -деп кошумчалады Молдокматова.

Эске салсак, Сокулук районун Орок айылында  5-июнь күнү Айт намазынан кийин курт улутундагы жигиттер менен кыргыз жигиттеринин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Ага Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү катары Туйгунаалы Абдраимов барып журналист кыздын берген суроосуна жооп берүудөн баш тарткан. Бул аракетин ал “Сенин кебетең мага жакпай жатат” деп түшүндүргөн.

Аталган окуядан кийин жалпы журналисттер эл өкүлүнүн бул иш-аракетине каршы чыгып, анын кечирим суроосун жана отставкага кетүүсүн талап кылууга өткөн. Соцтармактарда #абдраимовкетсин деген хештег да жарыяланган.

Ал эми Абдраимов кандай болгон күндө да кечирим суроодон баш тартууда.

Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldakmatova-abraimovgo-urmattuu-suluu-zhurnalist-kyzdan-kechirim-suroogo-zzd-kch-tabyyz



Добавить комментарий