Кайрымдуулук фонду 180 жетим балага белек таратты

30 января 2020 16:39 1824 1 Barometr
Поделиться в:
ok

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева жана “Ассанабил” Кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Мохаммед Абдулькарим Бишкек шаары жана Чүй облусунан келген 180 жетим балага бир жылдык 27500 сомду түзгөн жөлөкпулдарды жана белектерди тапшырышты. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.  

“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, 2020 – жыл Президент тарабынан “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”, деп жарыяланды. Министрлик тарабынан, өзгөчө быйылкы жылы турмуштук оор кырдалга кабылган балдарга, үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Ал эми  “Ассанбил” жана башка кайрымдуулук фонддор мамлекеттин саясатын туура түшүнүп, тыгыз кызматташуунун негизинде жардам көрсөткөнүңөргө ыраазычылык билдирем. Фонд жер-жерлерде социалдык объекттерди куруп, калктын эң аялуу катмарына акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө”, - дейт Улукбек Кочкоров.

“Ассанабил” Кайрымдуулук фонду өлкө боюнча 355 балага жалпы суммасы 8 млн. 552 миң сом түзгөн жөлөкпул таркатат.

Ссылка: https://barometr.kg/assanabil-kajrymduuluk-fondu-chj-dzhetim-baldarga-belek-taratty



Добавить комментарий