Асрандиев: Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат

8 октября 2020 15:06 534 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын өкмөтү кыш мезгилине болгон тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат”, -деди Асрандиев.

Мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат.

Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленди.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев

Ссылка: https://barometr.kg/asrandiev-kalk-aldyndagy-bardyk-socialdyk-mildettenmeler-atkarylat



Добавить комментарий