Аспирин ооруну күчөтөбү?
Улуу Британиянын Эдинбург университетинин окумуштуусу Питер Сандеркок соо адамдарга аспирин колдонуудан баш тартууну сунуштайт. Анын айтуусу боюнча, ацетилсалицил кычкылынын пайдасынан зыяны көп.
Адатта адам аспиринди жүрөк жана шишик ооруларын алдын алуу препараты катары колдонот. Башы ооруса да ичкендер көп. Бирок П.Сандеркок баштаган окумуштуулар тобу бул дарыны адамдардын өз башынча эле колдоно беришине тыюу сулууну сунуштайт. Ошондой эле, анын соо адамдарга эч кереги жок дейт.
Инсультту баштан өткөргөн же кан тамыр оорусуна чалдыккан адамдар гана колдонсо болот. “Мeddaily.ru”нун маалыматы боюнча, он жылдык сынак учурунда аспиринди колдонгон 10 миң оорулунун 170тен ашыгы дарынын терс таасирин байкашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/aspirin-oorunu-kchtb
Добавить комментарий ×