Асманда сырдуу жарыктар пайда болду
“Филиппинде асманда таң калыштуу жарыктарды көрүштү. Түштүктөгү Сулу провинциясындагы Минданао аралында шам сыяктуу жанган жарыктар жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды”,-деп кабарлады news.com. булагы.
Асмандагы мындай сырдуу көрүнүш 30-июнда болгон. Жергиликтүү тургундар бул көрүнүштү «Лансук» (шамдар) деп аташты. Мындай шамдар жаман окуядан же болбосо жакшылыктан кабар берет дешүүдө.
Илимий негиздерге таянсак, бул кубулуш сейрек кездешүүчү атмосфералдык көрүнүш болуп саналат. Ал Жерден атмосферасында өтө бийик аймакта муздун бөлүктөрү пайда болгондо келип чыгат жана жарыктан улам чагылышып ушундай көрүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/asmanda-syrduu-zharyktar-pajda-boldu
Добавить комментарий ×