Аскер кызматкери пара менен кармалды
Поделиться в:
Бүгүн 12-сентябрда Ысык-Ата аскердик комиссариатында пара алып жаткан жеринен Д.Б аттуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик коргоо комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкери 13 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Бишкек шаардык аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/asker-kyzmatkeri-para-menen-karmaldy
Добавить комментарий ×