Аскар Акаевдин уулу Айдар каза болду

6 февраля 2020 09:50 1854 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Москвада каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар ЖМКлар жазып чыкты.

Алдын ала маалымат боюнча 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калган.

Аскар Акаевдин төрт баласы бар. Алар: Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.

Айдар Акаев Сайкал аттуу кыз менен баш кошуп, алардын үч баласы бар болчу. Акыркы маалыматтар боюнча Айдар Москвада ишкерлик кылчу.

Учурунда ага Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишим түзүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып коюлган.

Эске салсак, Аскар Акаев 2005-жылы 24-марттага окуяда бийликтен кетирилип, үй-бүлөсү менен Москвага чыгып кеткен.

Учурунда тун кызы менен уулу — Бермет жана Айдар "Алга Кыргызстан" партиясынын катары менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Бул өз кезегинде коомдо терс маанайды жаратып, митингдерге алып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaevdin-uulu-ajdar-kaza-boldu



Добавить комментарий