Аскар Акаев миллиондогон акчалар жана достору тууралуу айтты

19 ноябрь 2018 09:00 2563 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда Кыргызстандын туңгуч экс-президенти Аскар Акаевдин эки адам менен чайлашып олтургандагы видеосу тарады. Анда Акаев достук жөнүндө суйлөп жатканын көрүүгө болот. 

"Менин эң ишенимдүү, сатып кетпеген эки-үч эле досум болгон. Алардын бири Болот Жанузаков, башкасынын атын атабай эле коеюн. Булар достукка абдан бекем, ар кандай кырдаалдар өзгөрүлүп кетсе да, булардын сага болгон мамилеси, акчага болгон мамилеси ошол боюнча калат. Мен билгенден 90-жылдары Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири болгон. Болот бүгүн 100 миңдеген акчаларды таап, эртеси баарын чачып салат. Акча үчүн бир дагы кайгырып, жоготууга учурадым деген жан эмес. Акча ал үчүн келип кетүүчү нерсе катары көрчү"-деди. 

Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болуп, элдик революциясынан кийин бийликтен кеткен.
 

Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-milliondogon-akchalar-zhana-dostoru-tuuraluu-ajtty



Добавить комментарий