Аскар Акаев БУУну реформалоону сунуштады
Россия федерациясынын Тышкы иштер министрлигинде Улуттар лигасынын жүз жылдыгына карата эксперттик сессия өттү. Бул Андрей Первозванный фондунун "Кылдат дүйнө: Улуттар лигасынан БУУга чейин" аттуу долбоорунун бир бөлүгү болуп калды.
Сессияда Аскар Акаев баяндама жасады. Ал БУУну реформалоону сунуштады.
"Улуттар лигасы мамлекеттердин өнөктөштүгүнүн негизинде түзүлгөн. БУУ да ушундай эле принципте түзүлгөн. Бүгүн дүйнөдө 220дан ашык мамлекет бар. Алардын саны мындан да көбөйөт жана эч кандай маселелерди чече албай калат, - деди Аскар Акаев. – Мен ойлойм БУУга тийбеш керек болгону күчтөө керек. Мен БУУнун алкагында цивилизациялардын өнөктөштүгү диалогунун кийинки кадамдар катары көрүп турам”.
Буга дүйнөлүк цивилизациялардын бары камтылган G20 база катары кызмат кыла аларын кошумчалады. "Аны оптимизациялоо, мүчөлөрдүн санын 24кө жеткирип кеңейтүүгө болот. G20 бүгүнкү күндө БУУдан тышкары. Биргелешкен экономикалык коопсуздук кеңешин түзүүгө эмнеге болбосун”,-деген Аскар Акаев цивилизацияларды алып жүргөн бул мамлекеттер өз ролдорун аткарууда жоопкерчиликтүү болорун кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/askar-akaev-buunu-reformaloonu-sunushtady
Добавить комментарий ×