Ашыкча салмактан арылгыңыз келип жатабы? Ачка кылбаган шорпо диетасы

20 января 2022 09:00 3091 Barometr
Поделиться в:
ok

Ашыкча салмактын баары көзгө даана көрүнүп жатса эмне кылуу керек? Албетте салмакты таштаганга аракет кылуу кажет. Бирок курсакты ачырбай ошол эле маалда сизди арыктата турган тамак аштарды ичип жесе болобу. Эң эле натыйжалуу диеталардын бири бул-шорпо диетасы. Анын кармап жаткан учурда алкоголь, нан, газдалган суусундук , каймак май жана өсүмдүк майынан баш тартуу керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Шорпонун рецепти: 6 орточо пияз, алты-жети даана помидор, бир чакан капуста, 3 болгар калемпири, 1 боо сельдерей. Жашылчалардын баарын туурап суу куюп, кайнаган соң 10 мүнөттөй катуу кайнатат. Кааласаңыз бир аз туздап аласыз.  

Биринчи күн: жогорулагы рецепт менен даярдалган шорпо, банандан башка баардык жашылча-жемиш, газдалбаган суу -болжол менен 8 стакан болсо жетиштүү, таттуу эмес кофе же чай.

Экинчи күн: шорпо, кайсы гана жашылча болбосун сунушталат, отко бышкан бир нече картошка жана суусундук.

Үчүнчү күн: шорпо, кайсы гана жашылча-жемиш болбосун тандасаңыз болот жана суу.

Төртүнчү күн: шорпо, жашылча-жемиштер бул ирет банан кошсоңуз болот, суусундуктар.

Бешинчи күн: шорпо, 300-500 грамм бышырылган уйдун эти, 300-500 грамм помирдор жана суусундук.

Алтынчы күн: шорпо, 300-500 грамм бышырылган уйдун эти, ашкөк, жашылчалар, суусундуктар

Жетинчи күн: шорпо, накта жемиш ширеси, жашылчалар.

Болгону шорпону каалаганча ичүүгө уруксат берилет. Мындай диетаны бир жума кармоо сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/ashykcha-salmaktan-arylgyyz-kelip-zhataby-achka-kylbagan-shorpo-dietasy



Добавить комментарий