Ашууларга кар жаап койду. Учурда жолдор тазаланды (сүрөт)

18 сентября 2020 12:25 572 Barometr
Поделиться в:
ok

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары кардан тазаланып, унаалардын өтүүсү камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кар жаап жатканда Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болду. Учурда унаа тыгыны жок, жол толугу менен кардан тазаланды. Өтмөк ашуусунун 6-чакырымынан 36-чакырымына чейинки бөлүгүндө 15 см бийиктикке чейин кар жаады. Бул бөлүк да тазаланып, ал аркылуу унаалардын өтүүсү камсыздалды", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ashuularga-kar-zhaap-kojdu-uchurda-zholdor-tazalandy-srt



Добавить комментарий